Олимпиаданын талисманы бекитилет

Олимпиаданын талисманы бекитилет
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:28

Эл аралык Олимпиада кимитети (МОК) 2020-жылкы Токиодо өткөрүлчү жайкы Олимпиаданын жаңы оюндары үчүн талисманын бекитти. Бул тууралуу Олимпиадалык оюндардын аткаруучу директору Кристофа Дюби билдирди.

Былтыркы жылы Олимпиада оюндарынын программасына дагы спорттун 5 түрү кошулган. Алар бейсбол/софтбол, каратэ, серфинг, скалолаз жана скейтбординг. Ал эми Токио Олимпиада оюндары үчүн Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) талисмандардын макетин бекитип берди. Мындан тышкары оюндар өткөрүлө турган жайлар аныкталды.

Олимпиада талисмандарын Жапон мектеп окуучулары аныктайт.

Финалга чыккан бул сүрөттөрдү Жапон мектеп окуучулар добуш берүү менен аныкташат. Добуш берүү убактысы 11-декабрдан 22-февралга чейин жүргүзүлөт. Жалпысынан тандоо туруна 6 жарым миллион мектеп окуучулары катышат. Алар макеттердин кайсынысын тандаса, жеңип чыккан мышык, енот жана эки түлкү, эки инопланетяниндин бирөөсү 2020-жылдагы Токияда өтчү жайкы Олимпиаданын талисманы катары кабыл алынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!