​Наталья Быстрова дүйнө чемпиону болду

​Наталья Быстрова дүйнө чемпиону болду
12-Дек. 2017, Шейшемби, 12:34

Казандык спортчу Наталья Быстрова бодибилдинг боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду. Ал мындай жеңишке 6-жолу татыктуу болуп отурат. Фитнес боюнча аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаты Франциянын Биарриц шаарында өткөрүлдү. Мелдештерге дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 300 жакын спортчу өз күчтөрүн сынашты. Мелдеште “Аялдардын классикалык бодибилдинг” категориясы боюнча казандык спортчу Наталья Быстрова абсолютук дүйнө чемпиону наамына татыды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Наталья Быстрова дагы мурда бул наамды 5 жолу жеңип алган. Ал фитнес боюнча “Ааламдын сулуусу” наамын 3 жолу алган жана Орусиянын культуризм боюнча титулун 1990 жана 1992-жылдары татыктуу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!