​Месси: Мекениме кайткым келет

​Месси: Мекениме кайткым келет
12-Дек. 2017, Шейшемби, 15:46

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси мекенине кайтып, аргентинанын "Ньюэллс Олд Бойс" футбол клубунда ойногусу келгендигин бирок кылмыштуулуктун айынын барбай жүргөндүгүн билдирди. Бул тууралуу атактуу футболчу TyC Sports сайты жазып чыкты.

Агынан жарылган Лионель Месси “Мен "Ньюэллс Олд Бойс" футбол клубуна кайткым келет бирок бул кыялым качан ишке ашаарын билбейм. Мени өлкөмдөгү абал тынчсыздандырат. Менин үй-бүлөм бар, эң биринчи орунга балдарымы коем –андан кийин жеке каалоолорум турат. Мен жайма-жай, жашоонун ырахатын коопсуз жашагым келет. Аргентина карап, кайгырып кетем. Ал жерде адамды өлтүрүп же тоноп кетиш, жеңил эле нерсе” деди

Эсиңиздерге сала кетсек мурда Лионель Месси эгерде дүйнө чемпионатында ийгиликтер болбосо оюнчулар кетиши керектигин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!