Марадонанын айкели тамашага айланды

Марадонанын айкели тамашага айланды
13-Дек. 2017, Шаршемби, 02:21

Индиянын Калькутта шаарында атактуу футболчу Аргентина курама командасынын мурдагы чабуулчусу, 57 жаштагы Диего Марадонага эстелик ачылды. The Guardian басылмасы эстелик ачылып, ачылбай жатып, интернет желесинде күлкү-тамашага айланганын жазууда.

Айкелдин узундугу 3,5 метр болуп, сентябрь айында эле жасалып бүткөн. Ал эми Диего Марадонанын убактысы болбогондуктан, эми гана ачылыш аземине келип отурат. ЖМКнын билдиргенине караганда айкелге жабылган материал ачылаары менен Диего өзү да оозу ачылып калган. Бирок, өзүн токтотуп, эл алдында “Жок, жок, мен футболдун кудайы эмесмин, жөнөкөй эле футболчумун. Калькутта шаарында келгениме бактылуумун”,- деп микрофон менен элге кайрылган.

Атактуу футболчу мындан тышкары Индияга кайрымдуулук акциясына катышууга келген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!