​Орусия кышкы Олимпиадага желексиз катышат

​Орусия кышкы Олимпиадага желексиз катышат
13-Дек. 2017, Шаршемби, 11:29

Орусиянын 208 спортчусу Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катышат. Бул тууралуу чечимди Орусия олимпиада комитети кабыл алды. Бүгүнкү жыйында орус спортчулары комиссиясынын төрайымы Софьи Великой “Биздин спортчулар бейтарап желек менен мелдештерге чыкканы менен баары бир Орусиянын спортчулары экендигин жакшы түшүнүшөт” деди. Олимпиадагы бейтарап катышуу спортчуларга бардык мамлекеттик символдорду жана улутуна тийешелүү белгилерди колдонууга тыюу салынат. Алар желеги, гимн жана улуттук формасыз катыша алышат. Маалыматка караганда бейтарап катыша турган спортчулар ак түстөгү форма кийишет.

Эсиңиздерге сала кетсек, быйылкы жылдын сентябрь айында 17 мамлекеттин допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!