​1,3 миллион билет сатылды

​1,3 миллион билет сатылды
14-Дек. 2017, Бейшемби, 01:34

Орусияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын билеттерин сатуунун экинчи этабы башталды. Эл аралык футбол федерациясынын сайтынын (ФИФА) маалыматына караганда азыркы учурда 2 миллиондон ашык билет алууга арыздар түшкөн. Ал эми алгачкы бир сутка ичинде 1,3 миллион чемпионат билеттери сатылган. Билеттерди сатуунун экинчи этабынын биринчи бөлүгү 2018-жылдын 31-январына чейин уланат. Эгерде арыздар саны абдан жогорулап кетсе анда билеттерди чучукулак кармоо ыкмасы менен сатышат. Билеттерди сатуунун биринчи этабында 742 760 билет сатылган. Билеттерди жеткирүү 2018-жылдын апрель-май айларында жүргүзүлөт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!