​Роналду 30 млн евро айып пул төлөйт

​Роналду 30 млн евро айып пул төлөйт
14-Дек. 2017, Бейшемби, 14:02

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду салык төлөөдөн качкандыгы үчүн 30 миллион доллар айып пул төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу AS басылмасы жазып чыкты.

Мындан мурда атактуу футболчуну 2011-жылдан 2014-жылга чейин жалпы суммасы 14,7 миллион евро салык төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн 5 жыл абакка кармалат деген айың кептер чыккан. Кезектеги сот жыйыны 22-декабрда болушу күтүлүүдө. Мындан мурдагы 31-июлда болгон отурумда Криштиану Роналду Англияга барып, бул салыктар маселесине чекит койоору белгиленген.

Алдын ала маалыматтарга караганда Роналду 7 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Бирок аны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүктөр болгондугу үчүн 3 же 2,5 жарым жылга түшүшү күтүлүүдө. Сот отуруму 22-декабрда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!