​Чемпионду ким зордуктаган?

​Чемпионду ким зордуктаган?
14-Дек. 2017, Бейшемби, 16:14

Олимпиаданын үч жолку чемпиону Габби Дуглас АКШ курама командасынын мурдагы дарыгери Ларри Нассар зордуктоого аракет кылгандыгын айтып чыкты. Бул окуядан кийин 140 гимнастика боюнча спортчу айымдар арыз менен кайрылышкан. Алардын арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиондору Габриэль Дуглас, Эли Райсман жана Маккайла Марони дагы бар.

Акыркы 10 ай боюу узаган териштирүүдөн кийин АКШ курама командасынын мурдагы дарыгери Ларри Нассар 60 жылга эркинен ажыратылды. Ага үч берене боюнча кылмыш иш козголгон. Дарыгер секелек спортчуларды медициналык текшерүүдөн өткөрөм деген шылтоо менен уятсыз сүрөттөрдү тартып жүргөн. Ага балдар порнографиясын жайылтуу, секелек кыздарга зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн айыптар да тагылды. Сот Джанет Нефф “Дарыгерди эми эч качан балдарга жолотпошубуз” керек деп айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!