Орусия Кубогу 9-майда өткөрүлөт

Орусия Кубогу 9-майда өткөрүлөт
14-Дек. 2017, Бейшемби, 16:53

Орусия футбол боюнча Кубогу келээрки жылы 9-майында өткөрүлөт. Орусия футбол биримдигинин (РФС) билдиргенине караганда Футбол Кубогу Волгоград шаарындагы «Волгоград-Арена» стадионунда 2018-жылы 9-майда болот. Волгоград шаары алгачкы ирет Орусия Кубогунун финалдык мелдештерине ээлик кылат. Матчтардын сааттары кийинчерээк кабарланат.

"Волгоград-Арена" стадионуна 45 миң киши батат. Бул стандиондо Дүйнө чемпионатынын беттешүүлөрү өткөрүү планданган. Стадиондун оңдоо-түзөө иштери үстүбүздөгү жылы башталып, декабрдын аягында бүткөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!