Робот Олимпиада отун ташыды

Робот Олимпиада отун ташыды
15-Дек. 2017, Жума, 15:07

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын отун робот ташыды. Кореялык HUBO аттуу робот Олимпиалык отун 100 метрге чейин ташып, эстафетаны андан ары берди. Бул роботту Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун инженерлери жасаган.

Муну менен Түштүк Корея өзүнүн технологиялык кереметтерин көргөзүүнү чечкен. Роботтун олимпиадалык отун ташышы башталгычы гана. Алдыдагы олимпиада күндөрү роботтор ыктыярчы, меймандарды тосуп алууда жана саякатчынын дагы ролун аткарышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!