​Кышкы олимпиаданын күчтүүлөрү аталды

​Кышкы олимпиаданын күчтүүлөрү аталды
16-Дек. 2017, Ишемби, 01:51

Эмки жылы Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын күчтүү талапкерлери атала баштады. Дүйнөдөгү эң ири “bwin” букмекер кеңсеси Норвегия курама командасын биринчиликке эң башкы талапкер катары көргөздү. Норвегиялыктар алтын медалдардын саны боюнча коэффициент менен ченегенде 2.25 алды. Андан кийин Германия (3.00), АКШ (9.00), Канада (15.0), Нидерланды (26.0) жана Түштүк Корея (34.0).

Ал эми мадалдардын жалпы саны боюнча Германия курама командасы алдыда (3.00), андан кийин АКШ (3.50), Норвегия (4.00) жана Канада (6.00).

Ал эми Россиянын курама командасы атаандаштыкка коюлган жери жок. Себеби алардын курама командасынын кышкы олимпиадага катышып, катышпаары толугу менен чечиле элек.

Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!