​Унаа жуугуч дүйнө чемпиону болду

​Унаа жуугуч дүйнө чемпиону болду
16-Дек. 2017, Ишемби, 12:23

Өзбекстандык 21 жашындагы кикбоксер бир түндө дүйнө чемпиону болду. Ал Казань шаарында өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду. Эрежелери боюнча дүйнөлүк чемпионатынын финалында орто категорияда (80 кг чейин) жеңишке жетишти. Мушкер Шер Мамазулунов унаа жуугуч болуп иштеп жүрүп, бош убактыларында спорт менен машыгып жүргөн. Акыркы убактарда Александра Поветкин жетектеген “Витязь Файт” москвалык командасына кошулган. Бул клубда үч атаандашын жеңип, финалга катышууга жолдомо алган. 14-декабарда Казань шаарында өткөн TNA (Total Nonstop Action Wrestling) эрежелери боюнча өткөн беттеште чемпиондук кур тагынды. Эми Шер Мамазулунов автожуугуч жумушун таштап, толугу менен спорт менен машыгууга өтөөрүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!