​Испания дүйнө чемпионатынан четтетилет

​Испания дүйнө чемпионатынан четтетилет
16-Дек. 2017, Ишемби, 16:04

Испаниянын футбол боюнча улуттук командасы 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына катышпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) билдирүү таркатты. Маалыматка ылайык Эл аралык футбол уюму Испания падышалыгынын футбол федерациясына атайын кат жөнөткөн. Анда бул уюмдун жетекчисин шайлоосуна өкмөт кийлигише берсе анда Испаниянын футбол боюнча улуттук командасы дүйнө чемпионатынан четтетиле тургандыгын билдирди. ФИФА өлкөнүн аткаруу бийлиги Испания падышалыгынын футбол федерациясын (RFEF) жетекчилигин шайлоосуна кысым көргөзүүдө жана бул Эл аралык футбол уюмунун 13 - беренесине каршы келет. Учурда Испания падышалыгынын футбол федерациясын (RFEF) убактылуу Хуан Ларреа, жетектеп жатат. Мурдагы жетекчиси Анхель Мария Вильяр коррупция боюнча айыпталып жумуштан кеткен.

Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында топтук этабында Испания - Португалия, Марокко жана Иран менен беттешет.

Эсиңиздддерге сала кетсек футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!