​Дүйнөнү жел кайык менен 42 күндө айланды

​Дүйнөнү жел кайык менен 42 күндө айланды
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 13:43

Француз дүйнө жүзүн жел кайык менен 42 күндө айланып жаңы рекорд койду. Бул тууралуу France-Presse кабар агентиги кабарлады. Маалыматка ылайык 34 жаштагы Франсуа Габар дүйнө жүзүн 42 күн, 16 саат, 40 мүнөт, 35 секундда айланып келген. Спортчу жергиликтүү саат 1:45те сапарга чыгып, Macif парустуу кайык менен Франциянын Уэссан аралына кайтып келген. Бул арал британиянын түштүк жагында жайгашкан.

Муну менен Франсуа Габар мурдагы атаандашы Том Ковилдин рекорддун артка калтырды. Атактуу кайык жарышчысы 2016-жылы декабрь айында дүйнө жүзүн 49 күн, 3 саат,7 мүнөт, 38 секундда кайтып келген. Ал эми быйылкы жеңиш дээрлик бир жума убакыт алдыда турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!