​Илюмжинов кызматтан кетеби?

​Илюмжинов кызматтан кетеби?
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:21

Эл аралык шахмат федерациясынын(ФИДЕ) президенти Кирсан Илюмжинов Орусиянын шахмат федерациясынын колдоо күтүүдө. "Р-Спорт" агентигинин маалыматына караганда Кирсан Илюмжинов кызматын кайра сактап калыш үчүн уюмдун жаңы президентин шайлоого катышат. Анда Илюмжинов Орусиянын шахмат федерациясынын колдоо күтүп жаткандыгы белгилүү болду.

“Мен дүйшөмбү күнү Орусия шахмат федерациясына менин талапкерлигими колдоо боюнча расмий кат жөнөтөм”,- деп билдирген.

Эсиниздерге сала кетсек Эл аралык шахмат федерациясынын(ФИДЕ) президентин шайлоо 2018-жылы сентябрь айында Грузиянын Батуми шаарында өткөрүлөт. Кирсан Илюмжинов Эл аралык шахмат федерациясынын(ФИДЕ) 1995-жылдан бери башкарып келатат. Ал эми Орусиянын шахмат федерациясынын аткаруу комитети башка талапкерди көрсөтүп жаткандыгы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!