​Күйөрмандар дарбазачыны катуу ыйлатты

​Күйөрмандар дарбазачыны катуу ыйлатты
19-Дек. 2017, Шейшемби, 13:31

Италиянын “Милан” футболдук клубунун дарбазачысы Жанлуиджи Доннаруммыны күйөрмандары катуу капа кылышты. Алар «Милан» менен «Вероне» беттешүүсүндө “Кет, жогол –биздин чыдамыбыз түгөндү” деп чоң баннер илип коюшкан жана кыйкырып, ышкырып ызы-чуу салышкан.

Буга ЖМК чыккан жалган кабарлар себепчи болгон. Анда 18 жаштагы Доннаруммы моралдык баскы көргөзүп жатат ошондуктан “Милан” менен келишимин бузууну чечкендиги тууралуу жазылган. Анда атактуу футболчу мындан аркы карьерасын француздардын “ПСЖ” клубунда улантаары айтылган. Буга ишенген күйөрмандардын кылганына дүйнөнүн эң таланттуу дарбазачысы саналган Жанлуиджи Доннаруммы капа болуп катуу ыйлаган. Эки метр боюу бар, атактуу футболчунун кийим алмаштырчу жайда кадимкидей өңгүрөп ыйлагынын көргөндөр чыдап тура алышкан эмес. Мындай ызы-чуулу абалды өлкөнүн эски өкмөт башчысы Энрико Летта жана “Милан” клубунун директору Массимилиано Мирабелли да токтот албай койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!