​Спортчуларга улутун айтууга тыюу салынды

​Спортчуларга улутун айтууга тыюу салынды
20-Дек. 2017, Шаршемби, 01:40

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадагы бейтарап абалда катыша турган Орусиянын спортчуларына эч кандай улуттук белгилерди колдонбоого жана соцтармактарда улутун көрсөтүүгө тыюу салды. Кышкы Олимпиадагы катыша турган Орусиянын 208 спортчусунун кийим же сумкаларындагы «Russia» деген жазуулары «OAR» («Olympic Athlete from Russia») деп кыскартылып жазылат. Мындан тышкары формаларындагы өлкөнүн герби же символикалары толугу менен алынып, ордуна олимпиадалык шакекчелер менен алмаштырылат.

Орусиянын олимпиада комитетинин лыжа жарышы боюнча башкы машыктыруучусу Ирина Громованын айтымында бардык спортчуларга эскертүү берилди жана эч ким Эл аралык олимпиада комитетинин (МОК) чечимин сындоого болбой тургандыгын белгиледи.

Эсиңиздерге сала кетсек 5-декабрда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кышкы Олимпиадага Орусия желексиз, байтарап катыштыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык орусиянын допинг маселеси болбогон гана таза спортчулары атайын комиссия менен катышууга укук алышат. Учурда Орусиядан 208 спортчу бейтарап абалда катышууга даярданууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!