​Георгий тасмасы Олимпиада символу

​Георгий тасмасы Олимпиада символу
20-Дек. 2017, Шаршемби, 14:26

Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Алексей Воевода Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиадагы бейтарап катыша турган орусиялык спортчуларына олимпиаданын символу кылып Георгий тасмасын сунуштады.

Мындай сунуш менен депутат Алексей Воевода Мамлекеттик Думада айткандыгын "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты. Анын пикири боюнча георгий тасмасы – бул жеңиштин жана кайратмандыктын символу. Ал спортчулардын духун көтөрүп турат.

Алексей Воевода “Эгерде олимпиадага желеги жок катыша турган болсок анда георгий тасмасы биздин улуттук команданы кооздоп, көргөзүп турмак”,- деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-декабрда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кышкы Олимпиадага Орусия желексиз, байтарап катыштыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык Орусиянын допинг маселеси болбогон гана таза спортчулары атайын комиссия менен катышууга укук алышат. Учурда Орусиядан 208 спортчу бейтарап абалда катышууга даярданууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!