​Амир Хан бокска кайтып келет

​Амир Хан бокска кайтып келет
21-Дек. 2017, Бейшемби, 01:20

Дүйнөнүн бокс боюнча мурдагы чемпиону британиялык Амир Хан 2018-жылы март айында кайрадан бокска кайтып келет. Эки жыл мурун спорт менен коштошкон мушкер акыркы учурларда “Мен атактуумун” телешоусунда жунгли токойлорунда тартылып жүргөн.

Атактуу мушкер “Мен эмки жылы март айында кайрадан ринге чыгам. Жунгли токойлорунда кайрадан машыгуумду жандандырдым. Бул телешоуга катышканыма кубанычтамын. Ал мени кайрадан ринге тартты. Мурдагыдай формама келип калдым. Эми Англияда кайрадан ринге чыгам. Менимче убакыт келди”,-деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек Амир Хан соңку мелдешин 2016-жылы май айында өткөргөн. Анда алтынчы раунда атаандашы Сауль Альварес нокаут менен жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!