​Роналду оорукана курууда

​Роналду оорукана курууда
21-Дек. 2017, Бейшемби, 11:37

Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду Чилиде оорукана курууда. Бул тууралуу “Football Espana” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык атактуу футболчу Чилиде балдар оорууканасын куруп жатат. Бул медициналык имарат 2020-жылы бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары Криштиану Роналду “Балдарды коргойлу” (Save The Children) жана “Дүйнөлүк көз караш”(World Vision) кайрымдуулук уюмдарынын ардактуу элчиси болуп саналат.

Эсиңиздерге сала кетсек быйылкы жылы Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду “Алтын топ” сыйлыгын 5-жолу сыйлыгына ээ болгон. Буга чейин 32 жаштагы португалиялык футболчусу төрт жолу “Алтын топко” татыктуу болгон (2008, 2013, 2014 жана 2016-жылдар). Ал беш жолу “Алтын топ” алган "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси менен теңелди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!