​Кол аарчыдагы келишим

​Кол аарчыдагы келишим
21-Дек. 2017, Бейшемби, 16:01

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессинин биринчи келишими 17 жыл мурда кагаз кол аарчыга жазылган. 2000-жылы Барселонанын бир ресторанында 13 жашындагы Лионель Месси каталониялыктар менен түз эле кагаз кол аарчыга жазылган келишимге кол койгон. Учурда бул келишим клубдун музейине берилди. Музейдин директору Хорди Пенасанын айтымында бул музейдеги эң баалуу экспонаттардын бири.

Эсиңиздерге сала кетсек Мисси "Барселона" клубуна келгенден бери Испаниянын 8 жолку чемпиону, Чемпиондук лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү жана футбол тарыхында 5 жолу "алтын топ" ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!