​Дүйнөнүн эң чыр футболчулары

​Дүйнөнүн эң чыр футболчулары
22-Дек. 2017, Жума, 12:19

Албетте, футбол – күтүлбөгөн жана укмуштуудай спорттун түрү. Ал кызыктуу, кыймылдуу оюндары, ийгиликтүү голдору же чоң жеңиштери менен гана өзгөчө эмес, андан тышкары чуулгандуу футболчулары менен да көркүнө чыгып турат. Кээ бир футболчулар мушташып, сөгүнүп же ар кандай жаман-жакшы жактары менен күйөрмандардын көзүнөн кача албайт. Эмесе, биз кээ бир тентек, чуулгандуу футболчуларды тандадык. Алардын башында Пепе турат.

№1 - Кеплер Лаверан - ал “Пепе” деген такма ат менен спорт дүйнөсүндө таанымал. Футболчу 1983-жылы Бразилиянын кичинекей Масейо шаарында туулган. Учурда "Реал Мадрид" клубунун коргоочусу. 2006-жылы Италия курама командасы менен дүйнө чемпиондугун жеңип алган.

№2 - Марко Матерацци (Marco Materazzi) 1973-жылы 19-августта Италиянын Лечче шаарында туулган. Италия курама командасынын коргоочусу жана машыктыруучу. Италиянын 5-жолку чемпиону болгон.

№3 - Златан Ибрагимович (Zlatan Ibrahimović) 1981-жылы 3-октябрда Швециянын Мальме шаарында төрөлгөн. 21-кылымдын эң ийгиликтүү футболчусу болуп саналат. Бир кезде француздардын "ПСЖ", учурда англистердин «Манчестер Юнайтед» клубунун чабуулчусу .

№4 - Луи́с Альбе́рто Суа́рес Ди́ас (Luis Alberto Suárez Díaz) 1987 - жылы 24 - январда Уругвайдын Сальто шаарында жарык дүйнөгө келген. Уругвайлык тажрыйбалуу футболчу. Уругвай курама командасынын жана «Барселона» клубунун чабуулчусу. Дүйнөнүн эң күчтүү чабуулчусу болуп эсептелет.

№5 - Са́нтуш Моури́нью Фе́лиш - 1963-жылы 26-январда Сетубал шаарында төрөлгөн. Португалиялык футболчу жана машыктыруучу. Учурда англиялыктардын “Манчестер Юнайтед” футбол клубунун машыктыруучусу . Атактуу дарбазачы жана машыктыруучусу Фелиша Моуриньюнун уулу.

№6 - Ма́рио Барвуа́ Балоте́лли - 1990-жылы 12-августа Италиянын Палермо шаарында жарык дүйнөгө келген. Италиянын ганс улутунан келген футболчу. Италия курама командасынын жана француздардын «Ницца» футбол клубунун оюнчусу.

№7 - Найджел де Йон – 1984-жылы 30-ноябрда Амстердам шаарында туулган. Нидерландиялык футболчу жана италиянын "Милан" футбол клубунун коргоочусу жана Нидерландия курама командасынын оюнчусу болуп эсептелет.

№8 - Джермейн Джонс - 1981-жылы 3-ноябрда Германиянын так ортосундагы Франкфурт шаарында жарык дүйнөгө келген. Немис жана америкалык футболчу “Лос-Анджелес Гэлакси” клубунун коргоочусу. Адегенде Германиянын курама командасында кийин американын курама тайпасына өткөн.

№9 - Дженнаро Гаттузо – 1978-жылы 9-январда Италиянын Апеннинск жарым аралында жарык дүйнөгө келген. Италиялык футболчу жана машыктыруучу. Италия курама командасы менен 2006-жылы дүйнө чемпиону болгон. Швейцариянын "Сьона" командасынын коргоочусу болуп саналат. Клубдар аралык мелдеште “Милан” тайпасы атынан ойногон.

№10 - Ван Боммел- 1077-жылы 22-апрелде Нидерландиянын Масбрахт шаарчасында туулган. Нидерландиялык коргоочу, бир топко чейин Недерландия курама командасынын капитаны болгон. Учурда “ПСВ” футбол клубунун жарым коргоочусу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!