​"Реал" - "Барселона": Кимиси жеңет?

​
22-Дек. 2017, Жума, 14:52

Эртең Испания футбол чемпионатынын 17- беттешүүсү өтөт. Ал Мадрид шаарынын "Сантьяго Бернабеу" стадионунда Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат. Бул көптөн күттүргөн футболдук беттешүү кызыктуу болоорун «Реалдын» капитаны Серхио Рамос ЖМКга кабарлады. Серхио Рамос “ «Реал» чемпиондук титулду сакташ үчүн катуу күрөшүүгө тийиш. Бул мыкты беттешүү болот. Сөз жок бул футболдун классикасы болот”,- деди

Ал эми бул арада букмекерлер бул мелдеште "Реал" жеңип чыгаарын белгилей башташты. Бирок акыркы алдын ала маалыматтарга караганда тең чыгаары да байма-бай айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!