Пакьяо өлкө башчысы болобу?

Пакьяо өлкө башчысы болобу?
23-Дек. 2017, Ишемби, 02:45

Филиппин президенти Родриго Дутэрте атактуу мушкер Мэнни Пакьяону 2022-жылы боло турган президенттик шайлоодо талапкер болуусун сунуштады. Жуманын аягында атактуу мушкердин 39 жашын куттуктап жатып, өлкө башчысы Родриго Дутэрте президенттике татыктуу талапкер экендигин белгиледи. "PhilBoxing" басылмасы азырынча атактуу мушкер бул боюнча пикирин билгизе электигин жазды. Маалыматка ылайык Мэнни эртерээк кадам таштоону туура көргөн жери жок. Учурда мушкер эки тизгин бир чылбырды бирге алып келүүдө. Ал Филиппин 2016-жылдан бери Филиппин парламентинин жогорку палатасынын сенатору жана муну менен бирге профессионалдык ринге чыгууну улантып келатат.

Эсиңиздерге сала кетсек Мэнни Пакьяо профессионалдык рингде 59 жеңиш болсо, анын ичинде 7 жолу жеңилген. Соңку таймашын быйылкы жылы 2-июлда Австралияда өткөргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!