​Орусиянын 15 жаштагы жаңы чемпиону

​Орусиянын 15 жаштагы жаңы чемпиону
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 02:30

Алина Загитова 15 жашында көркөм муз тебүү боюнча Орусиянын чемпиону болду. Санкт-Петербург шаарында өткөн Орусиянын көркөм муз тебүү боюнча чемпионатта 15 жаштагы Алина Загитова 233,59 упай топтоп биринчиликти камсыз кылды. Ал эми күмүш медалды 221,76 упай менен Мария Сотскова, үчүнчү орунду 216,57 упай менен Алёна Косторная камсыз кылды. Чемпионаттын жыйынтыгында Алина Загитова менен Мария Сотскова Европа чемпионатына катышууга укук алышты. Ал эми дагы бир катышуучу Орусиянын көркөм муз тебүү боюнча федерациясынын аткаруу комитетинин(ФФКР) чечими менен тандалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!