​Деонтей Уайлдер: Бир соккуда тоголото коем

​Деонтей Уайлдер: Бир соккуда тоголото коем
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:04

Оор салмактагы WBC боюнча дүйнө чемпионаты америкалык Деонтей Уайлдер британдык мушкер Энтони Джошуа кайрадан ринге чакырды. Ал “биринчи раундда эле тоголото койсом таң калбагыла” деп билдирди. Бул тууралуу BoxingScene сайтты жазып чыкты.

Америкалык мушкер “-Биз экөөбүз тең өмүрүбүздү ортого коюп жатабыз. Биз адамдарга кубаныч тартуулоо үчүн тобокелдикке баратабыз. Элдердин каалаганын ишке ашыралы, дагы бир жолу мушташка чыгалы. Ал дагы, мен дагы мушкербиз - калганы маанилүү эмес. Келгиле ким күчтүү экендигин тастыктап берели. Мен Джошуа ринге чыкканчакты “Мен күчтүүмүн” деп айта берем. Мейли анда Джошуа башкасын далилдеп берсин” деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек 5-ноябрда Деонтей Уайлдер оор салмактагы WBC версиясы боюнча атаандашы Бермейн Стивернди накаут менен жеңген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!