​Серена Уильямс кайрадан мелдешке чыгат

​Серена Уильямс кайрадан мелдешке чыгат
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:18

Америкалык теннисчи Серена Уильямс Абу-Даби шаарында 30-декабрда өтө турган көргөзмө мелдешине катышат. Бул тууралуу Sport.ru сайты жазууда. Маалыматка ылайык анын каршылашы латвиялык Елена Остапенко болмокчу. 36 жаштагы атактуу спортчу 2017-жылы сентябрь айында кыздуу болгондон бери алгачкы ирет мелдешке катышат. Серена Уильямс кыздуу болуу бактысы менен алпурушуп, 2017-жылы эч кандай мелдешке катышкан эмес.

Эсиңиздерге сала кетсек америкалык теннисчи Серена Уильямстин эсебинде “Чоң шлем” мелдештери боюнча 23 жеңиши бар. Мындан тышкары Уильямс төрт жолку олимпиада чемпиону: үч жолу тобу менен болгон мелдеште (2000, 2008 жана 2012-жылдар) жана жалгыз (2000-жылы) жеңишке жетишкен. Ал эми теннис тарыхында эң алдыңкы үчүнчү спортчу болуп саналат. Ал немис Штеффи Граф (377) жана америкалык Мартин Навратиловадан (332) кийинки орунда турат. Ал эми Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) рейтинг боюнча алдыңкы сабында келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!