​Паралимпиада чемпиону өмүрдөн кетүүнү чечти

​Паралимпиада чемпиону өмүрдөн кетүүнү чечти
26-Дек. 2017, Шейшемби, 11:47

2012-жылында Лондондо өткөн жайкы Паралимпиада оюндарынын чемпиону өмүр менен коштошууну чечти. Коляска менен жарышууда биринчиликти камсыз кылган Марике Вервурт эвтаназия кылууну жарыя кылды. Марика Вервут эки жолку Паралимпиада оюндарынын чемпиону анын акыркы сөздөрүн Inside the Games порталы жазып чыкты. Анда спортчу “-Мен мындан ары азап тартып, кыйналгым келбейт. Азыр мага абдан кыйын болуп калды. Ушунчалык көп ыйлап жатам” деп билдирген. Белгиялык спортчу акыркы учурларда анын ден соолугу кескин начарлап кеткендигин жана көзү көрбөй, тамактана албай калгандыгын билдирген.Марике Вервурт өнүгүп кеткен тетраплегия оорусу менен ооруп жүргөн. Белгия – эвтаназияга уруксаат берген дүйнөдөгү алгачкы өлкөлөрдүн бири. Айыккыс дартка чалдыккан адамды кыйналуудан арылтуу үчүн, эвтаназия - башкача айтканда, кишинин өмүрүн дары сайып, токтотуу мыйзамы кабыл алынган.

Айыккыс ооруга чалдыгып кыйноого кабылгандарга өз эрки менен бул дүйнөдөн кетүүсүнө уруксат берип, ошого шарт түзгөн учурлар дүйнөлүк тажрыйбада бар. Бирок кеңири тараган эмес. Ага Белгия менен кошо Люксембург, Нидерланд, Швейцарияда жана АКШнын айрым штаттарында гана уруксат берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!