​Шакира футболчу менен ажыраштыбы?

​Шакира футболчу менен ажыраштыбы?
26-Дек. 2017, Шейшемби, 14:02

Шакира менен "Барселона" футболчусу Жерар Пике балдары менен эл алдына кайрадан чыкты. Кечээ Нью-Йорк шаарынын аэропортунда Рождество майрамын өткөрүүгө келген атактуу жуптарды журналистер тосуп алышты. Муну менен жыл боюу экөөнүн ажырышат деген айың кептерге чекит коюлду көрүнөт. Бир жылдан бери Шакира Барселона шаарында көчүп кеткен жана балдарын көргөзбөй жатат деген байма-бай кабарларды ЖМК жазып келишкен. Мындай кептерден тажаган атактуу ырчы Twitter баракчасына сүйүү тууралуу ырын жүктөп, маалыматтардын баарын калп экендигин айткан. Ал эми кечээ Шакира менен Жерар Пике Нью-Йорк шаарынын аэропортунда эл алдына чыгышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!