​Мутко кызматтан кетти

​Мутко кызматтан кетти
26-Дек. 2017, Шейшемби, 15:11

Виталий Мутко Орусия футбол бирлигинин(РФС) президенти кызматынан алынды. ТАССтын маалыматына караганда футбол уюмун убактылуу жетекчиси болуп мурдагы орун басары Александр Алаев дайындалды. Маалыматка ылайык Орусия Федерациясынын спорт, туризм жана жаштар боюнча вице-премьериВиталий Мутко кызматтан өз каалоосу менен кеткендиги айтылууда. Учурда Орусиянын футбол дүйнөсү бул маселени катуу талкуулап жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек Виталий Мутко Орусия футбол бирлигин (РФС) 2005-жылдан 2009-жылга чейин жана 2015-жылдан 2017-жылга чейин жетектеп келген.

Соңку учурда Мутконун кызматтан кетээрин допинг ишине байланыштырап келишкен. Мындан тышкары Орусиянын 2018-жылкы кышкы Олимпиадага желексиз катышуусу дагы бир кыйла тартышууларга жол ачкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!