​Гарри Кэйн дүйнөнүн эң алдыңкы бомбардири

​Гарри Кэйн дүйнөнүн эң алдыңкы бомбардири
27-Дек. 2017, Шаршемби, 12:37

Англиянын «Тоттенхэм Хотспур» футбол клубунун чабуулчусу Гарри Кейн «Барселонанын» форварды Лионель Мессини 2017-жылда голдору менен артка калтырды. Эми 24 жаштагы атактуу футболчунун эсебинде 56 гол, ал эми Лионель Месси календардык жылда 54 гол киргизген. Анда клуб жана курама командасынын беттешүүлөрү да кирген. Ал эми Криштиану Роналду 53 гол менен үчүнчү орунда калды. Андан кийинки кезекте Эдинсон Кавани (ПСЖ) менен Роберт Левандовский («Бавария») 53 гол атууга жетишкен. Эң кызыгы Кейндин рекорддук көрсөткүчтөрүнө болгону 50 гана беттешүү болгон. Бул Реналдодон - 9, ал эми Мессиден -14 беттешүүгө аздык кылат.

Эсиңиздерге сала кетсек «Тоттенхэм Хотспур» футбол клубунун чабуулчусу Гарри Кейн «Саутгемптона» менен болгон беттешүүсүндө дароо 3 гол киргизип(5:2), дүйнөдөгү эң биринчи бомбардири болуп калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!