​КМШ Россия спортчуларын колдоду

​КМШ Россия спортчуларын колдоду
28-Дек. 2017, Бейшемби, 01:42

КМШ мамлекет башчылары Россия спортчуларына карата Түштүк Кореядагы Олимпиада оюндарына катыштырбоо боюнча чечимин туура көрбөйт жана допинг колдонулган гана спортчуларга чектөө колдонуу керек деп эсептешет. Бул тууралуу Белоруссия президенти Александр Лукашенко билдирген.

“РИА Новости” таркаткан маалыматка караганда Лукашенко орус спортчуларын колдой тургандыктарын жана колдон кармап албагандан кийин баардыгын олимпиададан четтетүү туура эмес экендигин айткан.

Белоруссия президенти Александр Лукашенко “Биз Владимир Владимирович менен көптөгөн маселелерге камтама болобуз. Алардын бири Россия спортчуларына Түштүк Кореядагы олимпиадага катыштырбоо жана чектөө мамилеси. Сиздер баарыңыздар билесиздер, биз бул жердеги катышкан өлкө башчылары силер менен биргебиз”,-деп КМШ мамлекет башчыларынын формалдык эмес жолугушуусында билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек 5-декабрда Эл аралык олимпиада комитети (МОК) кышкы Олимпиадага Россияны желексиз, байтарап катыштыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык Россиянын допинг маселеси болбогон гана таза спортчулары атайын комиссия менен катышууга укук алышат. Учурда аталган өлкөдөн 208 спортчу бейтарап абалда катышууга даярданууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!