​Израил шахматчылары чемпионатка катышпайт

​Израил шахматчылары чемпионатка катышпайт
28-Дек. 2017, Бейшемби, 12:15

Сауд Арабия израилдик шахматчыларды дүйнө чемпионатына катыштырбайт. Учурда ыкчам шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Сауд Арабияда өтүп жатат. Р-Спорт агентигинин маалыматына караганда Сауд Арабия израилдик 7 шахматчыга виза берген жок. Ыкчам шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Эр-Рияд шаарында 26-декабрдан 30-декабарга чейин өткөрүлөт. Шахмат мелдешинин сыйлык фонду эки миллион доллар. Маалыматка ылайык Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) вице-президенти Израэль Гельфер израилдик спортчуларга виза берилбей жаткандыгын жана бул эски система болгондугун белгилеген. Гельфер шахматчыларга визе алуу үчүн колунан келген бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын айткан.

Мындан тышкары Гельфер Израиль тарап Эл аралык шахмат федерациясына (FIDE) ушуга окшогон 2018 жана 2019-жылдардагы дүйнө чемпионаттарын өткөрбөөгө арыз менен кайрылашат. Эгер бул өтүнүчтөр ишке ашпаса анда Спорттук арбитраждык сотко (CAS) арыз жазууну чечишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!