​Мария Шарапова агынан жарылды

​Мария Шарапова агынан жарылды
29-Дек. 2017, Жума, 12:17

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова спорттон четтетилген убактыларында психологиялык көйгөйгө кабылгандыгын айтып берди. Орусиянын ЖМКнын маалыматтарына караганда Мария Шарапова спорттогу тыюу салынган заттарды колдонгон деген айып тагылып байгелүү мелдештерден убактылуу четтетилген болчу. Шарапова “- Мен элдерге эрктүү адам көрүнчүүмүн. Бирок, качан гана мелдешке катышпай калганымда кадимкидей жалгыздыкта калганымды сездим” деп агынан жарылган. Мындан тышкары теннис жылдызы убак-убактысы менен ойлорун топтоп жүргөн күндөлүгүн да жаза албай калган.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!