​2017-жылы ким канча гол киргизди?

​2017-жылы ким канча гол киргизди?
29-Дек. 2017, Жума, 13:31

Футбол – ылдамдыктын гана эмес фантазиянын оюну. 2017-жылы дүйнөдө ким канча гол киргизди? Жыл жыйынтыгында алдыга чыккан футболчулар кимдер? Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү футбол жылдыздары Месси менен Роналду артта калып, жаңы оюнчулар алдыга чыкты. Алар кимдер:

56 – Гол, Гарри Кейн

Га́рри Э́двард Кейн – Англиялык футболчу, Англия курама командасынын жана «Тоттенхэм Хотспур» клубунун чабуулчусу

54 – Гол, Лионель Месси

Лионе́ль Андре́с Ме́сси – Аргентикалык футболчу, «Барселона» клубунун чабуулчусу жана 2011-жылдан бери Аргентина курама командасынын капитаны

53 - Гол, Криштиану Роналду

Криштиа́ну Рона́лду душ Са́нтуш Аве́йру – Португалиялык футболчу, Португалия курама командасынын жана «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу

53 – Гол, Роберт Левандовский

Ро́берт Левандо́вский – Польшалык футболчу, «Бавария» клубунун чабуулчусу жана Польша курама командасынын капитаны

53 – Гол, Эдинсон Кавани

Э́динсон Робе́рто Кава́ни Го́мес - уругвайлык футболчу, Уругвай улуттук курама командасынын жана француздардын «Пари-Сен-Жермен» клубунун оюнчусу

48 - Гол, Чиро Иммобиле

Чи́ро Иммо́биле – италиялык футболчу, Италия курама командасынын жана «Лацио» клубунун чабуулчусу

47 - Гол, Бас Дост

Бас Дост — нидерландиялык футболчу, «Спортинг» клубунун чабуулчусу жана Нидерланд курама командасынын оюнчусу

44 - Гол, ПьерОбамеянг

Пьер-Эмерик Обамеянг - габондук футболчу, «Боруссии» клубунун жана Габон курама командасынын оюнчусу

42 - Гол, Бранко Бошкович

Бранко Бошкович - Черногордук футболчу, Черногория улуттук курама командасынын оюнчусу

40- Гол, Эдин Джеко

Э́дин Дже́ко – Босниялык футболчу, италиянын «Рома» клубунун чабуулчусу жана Босния жана Герцеговина курама командасынын оюнчусу

39 - Ромелу Лукаку

Роме́лу Мена́ма Лука́ку – Бельгиялык футболчу, англиялыктардын «Манчестер Юнайтед» клубунун чабуулчусу жана Бельгия курама командасынын бомбардири

39 – Гол, Жажа Коэльо

Дже́ксон Авели́но Коэ́льо (Жажа́) – Бразилиялык футболчу, «Локерен» футбол клубунун чабуулчусу

37 – Гол,Венсан Абубакар

Венса́н Абубака́р – Камерундук футболчу, «Порту» футбол клубунун чабуулчусу жана Камерун курама командасынын оюнчусу

36 – Гол, Радамель Фалькао

Радамель Фалькао Гарсия – мындан тышкары Радамель Фалькао деген ат менен таанымал. Колумбиялык футболчу, «Монако» футбол клубунун жана Колумбия курама командасынын бомбардири

34-Гол, Дрис Мертенс

Дрис Ме́ртенс – Белгиялык футболчу, италиянын «Наполи» клубунун чабуулчусу жана Бельгия курама командасынын оюнчусу

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!