​Мурдагы футболчу өлкө башчысы болду

​Мурдагы футболчу өлкө башчысы болду
30-Дек. 2017, Ишемби, 00:14

Либерия президенттик шайлоонун экинчи турунда Африкадан “Алтын топ” сыйлыгынын ээси, футболчу Джордж Веа жеңип чыкты. Улуттук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматтарына караганда добуштардын 98% саналгандан кийин 51 жашындагы мурдагы футболчу Джордж Веа 61,5%, ал эми анын атаандашы учурдагы вице-президент Джозеф Бокай 38,5% алган. Бул батыш африкалык өлкөдөгү соңку 70 жыл аралыгындагы алгачкы ирет демократиялык шайлоо менен бийликке келиши болуп саналат. Джордж Веа Либериянын 79 жаштагы президенти Эллен Джонсон-Серлифди алмаштырат. Ал 2005-жылы батыш африкалык өлкөдөгү аял президенти болгон.

Джордж Веа – 1980-жылдары баштап,2000-жылга чейин Европа футбол тарыхындагы мыкты чабуулчу болгон. Ал 1995-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча ошол учурда Европада ойногон футболчуларга берилчү “Алтын топ” сыйлыгын алган. Джордж Веа ушуга чейин бул сыйлыкка татыган африкалык жападан жалгыз футболчу бойдон калууда. Веа мыкты чабуулчу катары «Монако» (1988-1992), «Пари Сен-Жермен» (1992-1995) жана «Милан» (1995-1999) футбол клубдарында эстен кеткис из калтырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!