Гарри Кейн талашка түштү

Гарри Кейн талашка түштү
30-Дек. 2017, Ишемби, 11:44

Англия курама командасынын жана «Тоттенхэм Хотспур» клубунун чабуулчусу Гарри Кейн быйылкы жылы 56 гол киргизип, дүйнөдө сап башына чыкты. Учурда «Тоттенхэм» футболчусу башка командалардан сунуш алып жаткандыгы байма-бай жазылып жатканы менен «Тоттенхэм» клубу атактуу футболчунун айлыгын жогорулатуунун чечти. Батыштын ЖМК маалыматтарына караганда Кейн “Реалга” өтүшү мүмкүн.

Сезондун аягында «Тоттенхэм» команданын форварды Харри Кейн менен айлыгын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Учурда 24 жаштагы футболчу жумасына 110 миң фунт айлык алат. Ал «Тоттенхэм» футбол командасынын эң баалуу футболчусу болуп эсептелет.

Эсиңиздерге сала кетсек 2017-жылы «Тоттенхэм Хотспур» клубунун чабуулчусу Гарри Кейн быйылкы жылы 56 гол киргизип Месси жана Реналдону артка таштаган. Жылдын жыйынтыгы боюнча аргентикалык футболчу, «Барселона» клубунун чабуулчусу Лионе́ль Ме́сси 54, ал эми Португалиялык футболчу, Португалия курама командасынын жана «Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду53 гол киргизген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!