​Майк Тайсон марихуана өстүрөт

​Майк Тайсон марихуана өстүрөт
4-Янв. 2018, Бейшемби, 11:48

Дүйнөнүн мурдагы бокс боюнча абсолюттук чемпиону, америкалык профессионал - мушкер, көкнаар (марихуана) өстүрүүгө киришти. Бул тууралуу “The Blast” порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык атактуу мушкер көкнаар (марихуана) өстүрүүгө Калифорния штатынан 16 гектар жер бөлдүрүп алган. Ал көкнаар өстүрүү менен гана чектелбестен завод ачып аны кайрадан иштетүүгө киришмекчи. Мындан тышкары атайын дүкөн ачып, жаңы сортторун таап, көкнаарды медициналык жактан колдонууга изилдөөлөрдү жасатмакчы. 2016-жылдын ноябрь айынан баштап, Калифорниянын жашоочулары 21 жаштан баштап, көкнаарды эркин колдонууга укуктары бар. Мындан тышкары аны өстүрүп же белгилүү ченемде үйлөрүндө сактай алышат.

Эсиңиздерге сала кетсек Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. “Ринг” журналынын версиясы боюнча “Жылдын мушкери” наамына татыган. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. 6 беттеште жеңилип калган. Анын катышуусундагы 2 беттеш жокко чыгарылган.

“Темир Майк" спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!