​Мессинин өзгөчө голу интернетти жарды

​Мессинин өзгөчө голу интернетти жарды
4-Янв. 2018, Бейшемби, 13:15

Аргентиналык футболчу ,"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин машыктыруу убагында киргизген голу бир суткада 2 млн көрүүчү топтоду. Өзгөчө голду атактуу футболчу арты менен өзүнүн үстүнөн тебип киргизген. Мындай футболдогу күтүүсүз голу учурда дүйнөнүн талкуусунда.


Эсиңиздерге сала кетсек, Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгы "Барселона" чабуулчусу Лионелю Мессиге тапшырылган. Аргентиналык атактуу футболчу 2016-17-жылдар ичинде 54 гол киргизип, алдыга чыккан. Лионель Месси мындай сыйлыкка төртүнчү ирет татыктуу болуп отурат. Мурда ал 2010, 2012 жана 2013-жылдары татыктуу болгон. Мындай төрт жолу сыйлыкты "Реалдын" Криштиану Роналду да алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!