​Салах - арабдардын мыкты футболчусу

​Салах - арабдардын мыкты футболчусу
5-Янв. 2018, Жума, 01:30

Мохаммед Салах - Египет курама командасынын оюнчусу жана англистердин “Ливерпуль” футбол клубунун коргоочусу 2017-жылдагы арабдардын эң мыкты футболчусу деп табылды. Бул тууралуу AFP агентиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык 25 жашындагы египеттик футболчу Араб дүйнөсүндөгү 100дөн ашык спорт журналистеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында жеңип чыккан.

Ал эми экинчи орунда сириялык Омар Хрибин ("Аль-Хиляль", Сауд Арабия), үчүнчү орунда сириялык Омар Ас-Сума ("Аль-Ахли", Сауд Арабия).

Эсиңиздерге сала кетсек Мохаммед Салах Египет курама командасы менен Орусияда өтө турган дүйнө футбол чемпионатына катышат. Египет А группасынын курамында Орусия, Сауд Арабия жана Уругвай менен ойнойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!