Кызыл карточка бергени үчүн калысты өлтүрдү

Кызыл карточка бергени үчүн калысты өлтүрдү
5-Янв. 2018, Жума, 11:35

Мексикада өткөн футболдук мелдеште башкы калыс Хосе Эрнандес Капетильо бир футболчуга кызыл карточка көргөзгөн. Мындай чечимге жини келген оюнчу башкы калыска кол көтөрүп, башка катуу уруп кеткен. Daily Mail кабарына караганда калыс аң сезимин жоготуп, ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы башынан катуу жарат алган Капетильо бир жумада өзүнө келбей каза болгон. Учурда футболчу кармалган. Ал эми Мексиканын калыстар тобунун жетекчиси Валентин Рамирес кайгыруу менен көңүл айтып, дегеле спортто ушундай жаман окуялар кайталанбашына үмүттөнгөндүгүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!