​Мария Шарапова жарым финалга чыкты

​Мария Шарапова жарым финалга чыкты
5-Янв. 2018, Жума, 13:49

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапова Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Аялдардын теннис ассоциациянын мелдешинде (WTA) жарым финалга чыкты. Буга чейин чейрек финалда Шарапова Казакстандык атаандашы Зарина Диясты жеңген. Бул мелдеш 1 саат 31 мүнөт созулуп, 6:3 эсебинде орусиялык теннисчинин жеңиши менен аяктаган. Ал эми сыйлык фонду 625 миң доллар болгон финалда Шарапова эки чехиялык спортчунун жеңип чыкканы менен мелдешке чыгат.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!