​Бир буттап футбол ойношууда

​Бир буттап футбол ойношууда
5-Янв. 2018, Жума, 15:18

Бир буту менен топ ойногон футболчулар. Бул тууралуу euronews жазып чыкты. Футбол оюну адаттагы салттуу футбол мелдештеринен айырмаланат. Ар бир командада 7ден оюнчу бар. Алар бир буттарынан ажыраган майып оюнчулар. Дарбазачы бир колдуу жана таянган таяктары топко тийбеши шарт. Жаш футболчулардын биринчи максаты – Египеттин бийлиги да кабыл алган мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында профессионалдык футбол командасын түзүү болуп саналат. Футбол ойноону көксөгөн жаш ышкыбоздор майып-оюнчулар арасында улуттук футбол лигасын уюштурган жергиликтүү федерациясыны түзүүнү тилек кылышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!