​Месси “Барселонадан” акысыз айрылат

​Месси “Барселонадан” акысыз айрылат
6-Янв. 2018, Ишемби, 12:47

Аргентиналык футболчу ,"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин “Барселонадан” кетүү шарттары белгилүү болду. Келишимдеги жашыруун беренени Католониянын “El Mundo” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Каталония көз карандысыздыкка жетишсе Месси акысыз башка клубка кете алат. Бул жаңы келишимде каралган. Анда “Барса” Европа лигасындагы Испания, Англия, Германия же Франция арасында ойнобосо Месси “Барселонадан” акысыз кетээри жазылган. Ал эми келишимдеги оюнчунун клубдан которулуу акчасы 700 миллион евро өлчөмүндө каралган.

Эсиңиздерге сала кетсем, аргентиналык футболчу Лионель Месси Барселона менен келишимин 2021-жылга чейин узарткан. Жаңы келишимге ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча клубдан которуу каражаты 700 миллион еврого чейин сумма көрсөтүлгөн. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин мурдагы макулдашуусу үстүбүздөгү жылы аяктаган.

Месси "Барселона" клубуна 2004-жылы келген. Андан бери Испаниянын 8 жолку чемпиону, Чемпиондук лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү жана футбол тарыхында 5 жолу "алтын топ" ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!