​Трамп Ким Чен Ын менен сүйлөшөт

​Трамп Ким Чен Ын менен сүйлөшөт
9-Янв. 2018, Шейшемби, 02:40

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен олимпиада тууралуу телефон сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу «Спорт-Экспресс» сайты кабарлады. Маалыматка ылайык бүгүн 9-январда Түштүк Корея менен Түндүк Корея кышкы олимпиадага катышуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

АКШ президенти Дональд Трамп “ – Мен дайыма сүйлөшүүлөрдүн күчүнө ишенем. Биз өз позициябызда катуу турабыз бирок мен бардык сүйлөшүүлөргө даярмын. Мен бул сүйлөшүүлөргө катышам” деп билдирген. Мурда АКШнын кээ бир аткаминерлээри Түштүк Кореядагы кышкы олимпиаданы байкот кылуунун айтып чыгышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!