​Хоккейчи мушташта сакалын жулдурду

​Хоккейчи мушташта сакалын жулдурду
9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:09

Канадалык хоккейчи Джозеф Эрик Торнтон хоккей беттешүүсүндө атаандашы менен мушташа кетип, сакалын жулдуруп алды. Бул тууралуу SPORTSNET каналы жазып чыкты. Маалыматка ылайык «Сан-Хосе Шаркс» улуттук хоккей лигасынын (НХЛ) оюнчусу Джозеф Эрик Торнтон канаданын «Торонто Мэйпл Лифс» клубунун оюнчусу Назем Кадри менен мушташа кеткен. “Торонто” чабуулчусу муштап баратып, Джозеф Эрикти сакалынан сүйрөп кеткен. Жыгылып бараткан хоккейчинин сакалы жулунуп кеткен. Жыйынтыгында эки спортчу дагы жаза алган. Ал эми командалар упайларынан ажыраган. Беттешүү 2:3 эсебинде «Сан-Хосе Шаркс» жеңилип калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!