​Роналду «Алтын топ» сыйлыгын татыксыз болчу

​Роналду «Алтын топ» сыйлыгын татыксыз болчу
9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:53

"Бавария" футбол клубунун коргоочусу Франк Рибери 2013-жылы “Алтын топ” сыйлыгын алууга жакын болгондугун жана ал сыйлыкты Криштиану Роналду татыксыз алгандыгын айтып чыкты. “Eurosport” сайтынын маалыматына караганда "Бавария" футболчусу Франк Рибери 2013-жылы “Алтын топ” сыйлыгын уурдап алган деп ойлойт.

Франк Рибери “Анда менден “Алтын топту” тартып алгандай эле болушту. Бул акыл алгыс нерсе. Мен анда бардык жеңиштерге жетишкем. Эмнегедир акыйкатсыздык болуп калды. Мени өз өлкөм колдобой койгон. Мен өз жердештерим, кээ бир француздардын сыйлыкты Роналду алышы керек дегендерин уккам. Кантип эле португалиялыктар Рибери же Мессини колдонсун ? Сөзсүз колдобойт”,- деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2013-жылы "Бавария" футбол клубунун коргоочусу Франк Рибери добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча “Алтын топ” алууга татыктуу болгон. Анда Криштиану Роналду жана Лионель Месси, ал эми үчүнчү талапкер Франк Рибери көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында сыйлыкты Криштиану Роналду алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!