​Түндүк Кореядан олимпиадага кимдер барат?

​Түндүк Кореядан олимпиадага кимдер барат?
10-Янв. 2018, Шаршемби, 01:31

Түндүк жана Түштүк Корея өлкөлөрү Панмунжом кыштагында жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Түндүк Корея Кышкы Олимпиада оюндарына спортчуларын, тайквондо тобун жана башка делегациясын жөнөтө турган болду. Учурда 2018-жылкы олимпиадалык оюндарга катышууга нормаларды аткарган Түндүк Кореянын көркөм муз тебүү боюнча эки спортчу Тхэ Ок Ем жана Чу Сик Ким бар. Мындан тышкары улуттук олимпиада комитетинин мучөлөрү, журналисттер, музыканттар жана тайквондо тобу бармай болушту.

Ал эми кышкы олимпиаданын ачылыш аземинде эки Корея өлкөлөрүнүн делегациясы бирге чыгышы күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!