​Топ-10: Дүйнөнүн эң баалуу футболчулары

​Топ-10: Дүйнөнүн эң баалуу футболчулары
10-Янв. 2018, Шаршемби, 11:20

Топ-10: Дүйнөнүн эң баалуу футболчулары.

Неймар алдыга, Роналду артка жылды.

Эл аралык спорттук изилдөө борборунун (CIES) жыйынтыгы боюнча Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” клубунун чабуулчусу Неймардын келишим баасы 213 миллион евро болуп, дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды. Анын былтыркы жылы жайында "Барселонадан" француздардын "ПСЖ" футбол клубуна 222 млн евро менен которулган. Бул изилдөө Испания, Англия, Германия, Италия жана Франция баштаган европанын эң алдыңкы 5 лигасын ичине камтыган. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча экинчи орунда «Барселонанын» форварды Лионель Месси анын баасы 202,2 млн евро, Англиянын «Тоттенхэм Хотспур» футбол клубунун чабуулчусу Гарри Кейн 194,7 млн евро менен үчүнчү орунга илинди. Ал эми Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду бул тизмеде 49 орунда калды. (80,4 млн евро)

Топ-10: Дүйнөнүн эң баалуу футболчулары.

1. Неймар (Бразилия, «ПСЖ») – 213 миллион евро

2. Лионель Месси (Аргентина, «Барселона») – 202,2 млн

3. Гарри Кейн (Англия, «Тоттенхэм») – 194,7 млн

4. Килиан Мбаппе (Франция, «ПСЖ») – 192,5 млн

5. Пауло Дибала (Аргентина, «Ювентус») – 174,6 млн

6. Деле Алли (Англия, «Тоттенхэм») – 171,3 млн

7. Кевин де Брюйне (Бельгия, «Манчестер Сити») – 167,8 млн

8. Ромелу Лукаку (Бельгия, «Манчестер Юнайтед») – 164,8 млн

9. Антуан Гризманн (Франция, «Атлетико») – 150,2 млн

10. Поль Погба (Франция, «Манчестер Юнайтед») – 147,5 млн…

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!