​Леди Гага чемпионаттын гимнин аткарышы мүмкүн

​Леди Гага чемпионаттын гимнин аткарышы мүмкүн
10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:24

Америкалык ырчы Леди Гага Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионаттынын гимнин аткарышы мүмкүн. Бул тууралуу мароккалык продюсер Надира Хайят батыштын басылмаларына билдирген. Маалыматка ылайык ырчы макулдугун берген бирок акыркы чечимди Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) кабыл алат. Атактуу ырчы гимнди жаздырып, эл аралык футбол уюмуна жөнөтүлгөн. Эгерде Гага гимнди аткарбай калган күндө да, анын ышкыбоздору футбол чемпионаты учурунда бул ырды угуп турушат. Хайат америкалык ырчы Леди Гаганын бир топ ырларынын автору болуп саналат. Ал 2006-жылдагы чемпионаттагы Bamboo жана 2014-жылдагы дүйнө чемпионаттындагы We are one (Ole Ola) ырларынын автору.

Эсиңиздерге сала кетсек футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!